super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акыйкатчы: "Тогуз-Тородогу окуя боюнча атайын комиссия түзүлөт"

 

Тогуз-Тородогу окуя боюнча атайын комиссия түзүлөт. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун жашоочулары акыйкатчыга камакка алынган 12 кишини эркиндикке чыгарууга көмөк көрсөтүүнү жана "Макмал алтын кен" комбинатында болгон окуянын күнөөкөрлөрүн табууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

"Мага жеткен маалыматтарды кылдаттык менен карап, жакынкы күндө өкмөткө жана Жогорку Кеңешке бул окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү боюнча сунуш киргизип кат жөнөтөм", - деп билдирди Оторбаев.

Эскерте кетсек, 11-апрелде мекемелер аралык комиссия "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу комбинатынын иши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Аларга жолугуу үчүн келген миңге чукул адамдар таш ыргытып башташкан. Бирок милиция кызматкерлери комиссиянын мүчөлөрүн коопсуз жайга алып чыгып кетишкен. Кийин эл алтын ылгоочу комбинаттын аймагына кирип талкалап, өрттөп башташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: