super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акча алмаштыруучу жайды тоноого айыпталган адам: "Муунтуп, сабап, мен жасабаган кылмышты моюнума алдырышты"

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы жабырлануучу Эльдияр Туткучевдин арызын кароодон баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде маалымат жыйынында жабырлануучунун жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жабырлануучу 2017-жылы 8-январга караган түнү Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу жайын тоноду деп айыпталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

"Аталган акча алмаштыруу жайынан жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык акча жоголот. Тиешелүү кызматкерлер 6 айдан кийин Туткучевди шаардан кармап кетишет. Шектүү катары кармалган күндөн тарта Туткучевдин иши одоно мыйзам бузуу фактылары менен коштоло баштаган. Анткени алгач эле шектүүгө эч кандай жактоочу көрсөтүлгөн эмес. Ага карата милиция кызматкерлери күч колдонуп, ур-токмокко алышкан. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза шектүү катары кармалган жарандын сабалганын тастыктап берди. Бирок Октябрь райондук прокуратурасынын прокурору Алтынбек Жумакадыров кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Экинчи ирет өткөрүлгөн экспертиза шектүү алган жаракаттар "дал келбейт" деген гана тыянак чыгарып берген. Аталган факты боюнча биз прокуратурага арыз менен кайрылдык, бирок арызыбыз каралбай жатат", - дейт жактоочу.

Ал эми шектүү Эльдияр Туткучевдин айтымында, ал кармалган учурдан тарта ур-токмокко кабыла баштаган. "Мени кармап келишти. Октябрь РИИБинин иш бөлмөсүнө алып киришти. Столдун үстүндө даярдалган кагаз турган экен. Ошол кагазга кол коёсуң, кылмышты моюнуңа аласың деп айтышты. Баш тартып баштаганымда тепкилеп уруп, муунтуп сабашты. Андан кийин өз колуң менен билдирүү жасап бересиң деп коркутуп башташты. Эгер кол койбосоң, айылда атаң жалгыз экен, аны алып келип камайбыз. Иниңди алып келип камайбыз. Бул иштен сырткары мыйзамсыз курал жана баңгизатты сактоо боюнча кылмыш иши кошулат деп басмырлай башташты. Мен ур-токмоктон улам мурда даярдалган кагазга кол коюуга аргасыз болдум", - деп билдирди жабырлануучу.

Жактоочу Бактыбек Жумашевдин айтымында, Туткучев 2018-жылдын 2-март күнү Бишкек шаардык соту тарабынан толугу менен акталган. "Күнөөсү жок экени тастыкталса да, жогоруда аты аталган прокурор сот кайрадан карап чыгуусу керектигин айткан. Биздин нааразы болгон жерибиз ак жерден жаран 9 ай камакта отурду. Андан сырткары иш одоно мыйзам бузуу фактылары менен каралган. Туткучев ур-токмокко жана психологиялык басмырлоого кабылган. Баары далилденип турса да Октябрь райондук прокуратурасы төгүндөп, кызматкерлерин коргоодо.

Бул окуя боюнча президентке, Жогорку Кеңешке жана Башкы прокуратурага кайрылуу жасадык. Мыйзамсыз аракеттерден улам жөнөкөй жаран жабыр тартпашы керек", - дейт жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
24.04.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Текебаевди күнөөлөгөн булар сени жөн эле мойнуңа алдырат да,эми ордуңду ошол жалгандан карагандарга бошотуп бер отуруп көрсүн алардагы
24.04.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол прокурорлорго чара коруучу эч ким жокпу олкодо?!! Эмне, анархияда жашап жатабызбы?!!
24.04.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Беттери бет эмес эле галош булардын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: