super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таш-Дөбө жана Байтиктин тургундары "Кыргызстан" санаториясынын тагдырына тынчсызданышууда

 
"Кыргызстан" санаториялык жайынын абалы кейиштүү. Өкмөт бул баалуулукту сактап калуусу абзел".
Бүгүн, 24-апрелде ушундай талап менен Таш-Дөбө жана Байтик айылдарынын тургундары маалымат жыйын өткөрдү.

"Аталган жайдын азыркы жетекчиси Венера Маймендеева 4 жыл ичинде материалдык жана финансылык каражаттарды өзүнө менчиктештирип алган. Бирок ал жоопко тартылган жок. Аталган мекеменин башка мекемелерге карыздары көп. Мисалы, электр жарыгынан карызы көбөйүп кеткен. Учурда Маймендеева сот аркылуу санаториянын директору кызматын кайтарып алууну көздөп жатат. Мекемедеги жылытуучу батареяларды сууруп алып чыгып баратышат. Ал эми башка бөлүгүндө башка эле адамдар күн кечирип келишүүдө. Эгер бул мекеме жабылып калса, биз жумушсуз калышыбыз мүмкүн. Жогору жактагыларды көңүл буруусун суранат элек", - дейт Таш-Дөбө айылынын тургуну Кенжекан Зарлыкова.

Айта кетсек, буга чейин маалымат жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын профсоюздук федерациясына кайрылып келишкен. "Баалуу жайдын жоюлуп же ишкерлерге сатылып кетишине биз каршыбыз. Эгер талаптарыбыз аткарылбаса, нааразычылык акциясына чыгабыз деп эскерткенбиз", - деп кошумчалашты жашоочулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: