super.kg logo

Иранда дагы Телеграмды колдонууга тыюу салынды

 

Иранда Телеграм мессенжерин колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда чет элдик басылмалар соттун өкүмүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Иран соту Телеграмды жарандардын кайрылууларынан улам жапты. Мындан ары ирандыктар жергиликтүү Soroush социалдык тармагын пайдаланышмакчы. "Иран эли коопсуздук үчүн аталган социалдык тармакты өчүрдү. Буга чейин Иран бийлиги мамлекеттик кызматкерлерди чет элдик байланыш түйүндөрүнөн баш тартууга чакырган", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, кечээ, 30-апрелде Москва шаарында Телеграмдын жабылышына каршы нааразычылык акциясы өткөн. Орусиянын соту 13-апрелде өлкө аймагында аталган социалдык тармактын иштешине тыюу салган. Буга атайын кызмат менен Телеграмдын түзүүчүсү Павел Дуровдун пикир келишпестиги себеп болгон.

Маалымат катары: Иранда 45 миллион адам Телеграмды колдонот. 2017-жылдагы бийликке каршы өткөрүлгөн нааразычылык акциясынан кийин Телеграм 14 күнгө убактылуу жабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.05.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди жапайы кылып бутуругот го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: