Араванда 2 адамдан мыйзамсыз сакталган куралдар октору менен табылып, иликтөөгө алынды
Ош облусунун Араван районунун Чөгөм айылынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чөгөм айылынын 31 жаштагы А.А. аттуу тургунунан тиешелүү документтери жок алып жүргөн “Карабин КО-44” үлгүсүндөгү ок атуучу курал октору менен табылган. Ошондой эле 42 жаштагы айылдашы М.А.дан 1958-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал октору менен алынган.
Алынган курал-жарактар тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Peri93.93
08.05.2018. 12:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай курал жарактар кичик алай да толтура иликтеген адам жокда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















