Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы мастер-класс өткөрөт
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева "Музейлер түнү" акциясынын алкагында мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Эгер сен чыгармачылыкка кызыксаң, чоподон ар кандай фигура жасоону кыялданып, бирок жол-жобосун билбей жүрсөң, балким жөн гана жандуу музыканын коштоосунда маектешүүнү жактырсаң, анда иш-чараны өткөрүп жибербе", - деп жазып калтырган Алия Шагиева.
Ошондой эле анын билдирүүсүндө өзүнүн колунан жаралган эмгектеринин көргөзмөсү да өтөрү жазылган.
Мастер-класс 18-майда С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында саат 19.00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
1
1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Атан берген акчалардын баары карапайым КЫРГЫЗ элибиздин акчасы! аны эч качан адалдай албайснар1