super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КТРКнын журналисти инсультка кабылды. Анын апасы КТРКнын жетекчисинин орун басарын күнөөлөп жатат

 

Чынара Токонова КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын журналисти Чынара Токонова аталган каналдын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысым көрсөткөнүнөн улам инсульт болуп ооруканада оор абалда жатат. Мындай билдирүүнү журналисттин апасы Батма Абдыразакова социалдык тармак аркылуу кабарлап, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылуу жасады.

Кайрылууда: "Урматтуу уулум Илим! Менин кызым журналист Чынара Токонова буга чейин ушул эле КТРКдан өсүп такшалып чыккан журналист кыз. Мындан 3-4 ай мурун "Ала-Тоо 24" каналына жумушка алынып, берилген тапшырманы өз убагында аткарып, кынтыксыз иштеп жаткан. Жакында КТРКга жаңы келген орун басарың Жылдыз Жумабекова жыйын куруп, "Сюита Соурбаеванын (ред. Жогорку Соттун маалымат катчысы) материалдарын эфирге чыгардың" - деген күнөө коюп, кызымды аябай кысымга алыптыр. Бир күнү кечинде жумуштан жаман абалда келип “апа мени Жылдыз иштетпейт окшойт, болбогон күнөөлөрдү коюп жатат, кыздар дагы айтышты Жылдыз сени аябай үстүңдөн түшүп текшерип жатат дешти" деп айтты. Андан соң 3-майда жумушуна барып, курбу кыздарына жолугууга кетип, кан басымы көтөрүлүп жыгылыптыр. Учурда кызым Республикалык оорукананын неврология бөлүмүнүн жандандыруучу бөлүмүндө он күндөн бери жатат. Ага дарыгерлер геморрагиялык инсульт деген диагноз коюшту. Мен бул окуяны сураштырып көрсөм, орун басарың Жылдыз Жумабекованы учурунда Сюита Соурбаева жумуштан кетиргенби же башка Сюита деген кызга кетпеген кеги барбы, айтор, ошол өчүн менин кызымдан алыптыр. Кызымды ушундай абалга алып келген Жылдыз Жумабекова жооп берсин! Чара көрүлбөсө Жогорку Кеңешке, президентке кайрылууга аргасыз болом деп жазылган.

Ал эми бул окуяда аты аталып жаткан Сюита Соурбаеванын Жылдыз Жумабекова менен эч кандай пикир келишпестиктер болбогонун айтат. Жылдыз Жумабекова

"Мен "Ала-Тоо" программасында продюсер болуп иштеп жүргөндө Жылдыз Жумабекова да иштечү. Ал жумуштан өз каалоосу менен кеткенин так билбейм. Мен ошол мезгилде Кытайга иш сапар менен кеткен элем. Мен кайтып келгенде Жылдыз Жумабекова жумуштан кеткенин уктум. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестиктер болгон эмес. Азыр айтылып жаткан маселеге менин канчалык тиешем бар экенин түшүнгөн жокмун. Себеби Чынара Токонова эфирден чыгарган материалды алдын ала продюсерлерден уруксат алып чыгарганбыз. Менимче, Чынара Токонова менен Жылдыз Жумабекованын өздөрүнүн ортосунда бир нерсе бар. Ушул окуядан кийин кесиптешимдин апасы Батма Абдыразакова менен да сүйлөштүм. Ал киши мага: "Кызым иштен келген сайын "мени Жылдыз Жумабекова иштетпейт окшойт. Өткөндө эфирден Сюита берген кабарды чыгарганым үчүн иштен кетиргени жатат" деп кыжаалат болгон. Эми бул маселе кандай чечилет билбейм. Бирок мен кесиптешим жана курбумдун толук сакайып кетишин каалайм", - деп билдирди Сюита Соурбаева.

SUPER.KG порталына Жылдыз Жумабековага байланышканда, ал Чынара Токонова жумуштан кетүү боюнча арызын өз каалоосу менен жазганын билдирди.

"Бул окуя боюнча КТРКнын директору кызматтык иликтөө кылып жатат. Мына ошол иликтөөдө бардыгы ачыкталат. Негизинен бизде андай окуя болгон эмес жана менин жетекчилигим алдында журналистке кысым болгон эмес. Балким апасы туура эмес түшүнүп алгандыр. Чынара Токонова учурда ооруканада дарыланууда. Абалы баштагыга караганда жакшы. Биз күн сайын анын ден соолугунан кабар алып жатабыз. Башында жандандыруу бөлүмүндө жатса, азыр жеке палатага которулду. Элге маалымат таратып жаткан соң ар бир чыккан жаңылыкты жамаат менен талкууга алып, кемчиликтерди айтабыз. Мындай аракеттер маалымат таратуудагы катачылыктар кайрадан кайталанбашы үчүн жасалат", - деди Жумабекова.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
17.05.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ктрк эмне эле болуп атасынар
17.05.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Каша кайнаган экен. Интригадан кутулбаган канал! Автордук укук деген жок КТРКда. Жетекчин эмне айтса ошону кылышын керек. Жылдыздын Сюита менен жеке мамилеси болсо оз алдынча чечишип албайбы экоо. Сюита деле туулган кунундогу видеону Алатоодон чыгарып бер деп бербегендир Чынарга. Заказной материалдар менен иштеп конуп калган ктр
17.05.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындык жок.карга карганын козун эч качан чукубайт...
18.05.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне эле Чынарага кун бербей жатасынар тушунбойм.Жылдыз Жумабекова ким озу Илим иштесен нормально иште же болбосом берда башка бироого КТРдин атын булгабай.
18.05.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйын диктор Чынара Капарова да Илимге нааразычылыгын айтып чыкты эле. Ушуларды жайына коюп чечип бер чече албасан кет да башкалар чечсин эгер колунан келбесе
18.05.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bak.taalai,Капарова башка Токонова башка!))
Капаровага давление кылса озунун кипитогун чыгара коет. Так что!)
18.05.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу Супер Инфо, былтыркы журналист кызды КСДПнын депутаты коркутуп атпады беле,ошол иш эмне менен аяктады?
18.05.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salman-dastan,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/229299/
18.05.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынар Капарова башка ,бул Чынара Токонова башка кыз.
18.05.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акыркы учурларда ктрк да ынтымак кеткен сыяктуу байкасаңар ктрдин көпчүлүк журналистери башка телеканалдардан чыгып жатышат.
18.05.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынара былтырлары Санжыра радиосунда иштейт болчу.
Эрте мененки Жаргылчак берүүсүн;алып барчу.
Жакшы,эмгекчил кыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: