super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы белгилүү болду

 

Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы белгилүү болгонун Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы 17-майда SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалыматка ылайык, сурамжылоону коомдук пикирди изилдөө жана болжолдоо "Эл-Пикир" борбору жүргүзгөн. Ага катышкан ата-энелердин 54 пайызы үчүн балдардын эс алуусуна кошумча күн кошулуп жатканы маанилүү экендиги белгилүү болгон. Сурамжылоого 2 миң 37 окуучу, 595 мугалим (анын ичинде директор жана орун басарлары) жана 4 миң 120 ата-эне катышкан. Кырдаалды терең изилдөө үчүн мугалимдер жана ата-энелер менен тайпалык талкуулар, эксперттер менен кылдат маек өткөрүлгөн.

Анын жыйынтыгында башка региондордун тургундарына салыштырмалуу балдардын эс алуусуна кошумча күндү колдогондордун көпчүлүк бөлүгү нарындыктар болгон. Жалпылап айтканда сурамжылоого тартылгандардын 63,7 пайызы окуу жылын 10-сентябрга жылдырууну колдогон. Жалпысынан мугалимдердин 64,7 пайызы жана ата-энелердин 50,9 пайызы окуу жылынын 10 -сентябрга жылышы балдардын билим алуусуна таасир этпейт деп эсептерин билдиришкен. Атүгүл суроого жооп берген ар бир төртүнчү мугалимдин жана ар бир үчүнчү ата-эненин окуу жылдын башталышы которулган учурда балдардын биринчи чейректеги жетүшүүсү жогорулайт деген ишеними бар экени аныкталган. Изилдөөнүн жүрүшүндө мугалимдердин 64,7 пайызы жана ата-энелердин 50,9 пайызы окуу жылынын 10-сентябрга жылышы балдардын билим алуусуна таасир этпейт деп эсептегени аныкталган. Ата-энелердин жана окуучулардын дээрлик баары үй-бүлөлүк бизнеске окуучулардын жардамы зарыл болгон күндө да, балдар дайыма мектепке барышы керек деп эсептешет.

Окуу жылынын 10 күнгө кеч башталуусуна гимназия, лицей макамдарын алып жүргөн атайын багыттагы мектептердин мугалимдеринин көпчүлүгү каршы пикирин билдирген. Алардын көпчүлүгү башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларына кайрылып көрүп, буга макул эместигин билдиришкен.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу жылынын башталышын 10 күнгө артка жылдыруу балдардын ден соолугуна пайдалуу экенин айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(24)
17.05.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
менден сураган жок эч ким, 1-сентябрь билим куну. кылырга иш жокбу ким ойлоп тапты 10-сентябрды мен каршымын.
17.05.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфого суроом бар эле. Алмин ватсаптан жазалбай жатам силерге озум кыргызстанда эмесмин же кыргыз номерлер гана жаза алышабы
17.05.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ask094,
Саламатсызбы! Бардык өлкөдөн кабар жибере алат.
17.05.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
1-сентябрьга биз конуп калганбызда он кун менен эч нерсе озгорбосо керек бирок айыл жергесиндеги окуучулар жыйырмаларында барат семичке бышканда кыркып жыйнап анан сатып кийим кылып барат.
17.05.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
1чи Сентябрда эле окуп жүргөнүбүз. Ден соолук кудайга шүгүр эле. 10чу Сентябрда окуган ден соолукка пайдалуу деп кайдагы сөздү табышкан. Биринчи Сентябрда билим күнү болуп сабак башталганы жакшы.
17.05.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дуйно эли билимге умтулуп жатса биздикилер жамбаштап жатканга шашылат
17.05.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эс алуулар кобойдуго жаман приздентин туулган куну эс алгыла дейт окшойт жакын да,1-сентябр билим куну деп жарияланган билим куну болбой калдыбы?мызам чыгаруучулар башынарды иштеткилечи кыргызстандын келечегин ойлонгула креслодо олтуруп аймен жуз ойноп буйрук чыгарбай
17.05.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бардык мугалимдер каршы,башка кылаарга иштери калбай калганбы?Туризмге карата бироонун эле бизнеси! Сурамжылоо деп калп айтышат!1-сентябрь эле жакшы!
17.05.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен азыр Турцияда иштейм....бул жактан бугун майрам....ишемби куну саат мынчага чейин иштейбиз деген теманы уккан жокмун....мектептерде тартип кучтуу....биздин мектептер бул жактын бала бакчасына да жетпейт экен((((((((
18.05.2018. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Nestana95, Ошол турктордун мектеп-лицейи гана эмес, университеттерин да коруп журобуз. ХХХХХХХХХХХ Кыргыз кыз-келиндери Туркияга барып, копчулугу денелерин сатып журушот калп эле сиделкабыз деп уйундогулорун алдап...

Анан туркторду коколотуп мактаганына эмне дейсин, калп айтып...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-18 09:28:20
17.05.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне кылышты билбей зеериккенби билим беруу министирлиги,же сурамжылоо жургуздук деп акча жединерби силер дагы
1- сентябрь эле жакшы
17.05.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
1-сентябрьдан эле жакшы го.
17.05.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ааа кайран гана депутаттааар маанилулоор нерсеге башынар жетпедиби?
18.05.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1сентябрды 10га жылдырыпсынар мектептеги акча чогултмай качан токтойт ушуну да билим беруу министириге жеткизип койбойсунарбы
18.05.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek81,акча чогултмай качан токтойт депсин мектеп бала бакчага өкмөт керектүү нерселерин алып берип турса мугалимдер да тилемчиге окшоп ата-энелерге жаман көрүнүп сурабайт эле
18.05.2018. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайсы кок мээ чыгарды экен 10 сентябрь деп элге пайдасы тие турган иштерди чечкилечи дуйнонун баардык мектептери 1де болсо кыргызстанда 10сентябрь эч ким макул болбойт
18.05.2018. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суперчилерден баштагандабы сурамжылоону ээ.Бир пайыз да алышмак эмес.64,7 пайызды жон эле асмандан тута кармап алгандай го.Ишенуу кыйын.Баары эле 1- сентябрь мектепке баргысы келет.10- сентябрга чейин эле окубай койсо балдарын ден соолугу жакшы болуп кетсе,анда дуйно жузундогу элдер баары колдоп Кыргыздын атагы чыгат ко ээ.
18.05.2018. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
 КООМ ЖАНА ТУРМУШ Орозо-2018: Өлкөнүн аймактарында ооз бекитүү жана жабуунун убактылары (календарь) Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталарын Кыргыз Республикасындагы мусулмандардын дин башкармалыгы маалымдап келет. 2018-жылы орозо 17-майдан баштала тургандыгы белгилүү болгон. "Пайгамбарыбыз (САВ) өз сөзүндө: "Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган б
18.05.2018. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көчмөндөр ойуну өтөт. Ошого баралбай калабыз дегендир да колдогон мугалимдер
18.05.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы учурда сурамжылоо институттары кобойуп кетти, козу ачыктар бир убак кобойуп кеткендей. Ачыгын айталы, мындай сурамжылоо институттарына козу ачыкка ишенбеген сынары ишенбей эле койгула. Анткени булар Бишкекте эле 100-200 адамдын пикирин сурап, калганын оздору фальшивый кылып толуктап коюшат. Болбосо булар ат арытып алыскы Алай, Баткен, Чаткал, Алайкуу ж.б.элдерине барып сурамжылоо жургузду дейсинерби?!! Ишенбегиле, булар аферисттер!!!
18.05.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуу 1-сентябрда эле башталганы дурус. Озу 1-сениябрь билим куну болсо, окуу 10-сентябрда башталганы кандай?!!

Анан калса кышында кун суук болуп 10 кун ашыкча окуган окуучулар жекшемби кундору да окуп журушту кыйналып. Ошого окшогон маселелерди чечсенер болбойбу?!! Ошол 10 кунду кышкы каникулга кошуп бергиле, 10 кун ашыкча болуп жатса...
18.05.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар кимди ак мээ, кок мээ кылабербей, медалдын экинчи жагында карагыла. Окуучулардын копчулуну айыл жергесинде,тушум жыйнап же чоп, картошка, сатып же тоодон мал жандыктар келгенде сатып анан кийинип алып барчубуз бала кезде. Башы оорубаган кудай менен иши жок дейт. Баарыбыздын оозубуз эле суйлойт, ак ит кирип , кара ит чыгып калды оозубуздан.
19.05.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майдын 25и тараган жакшы эс алууга, 31чи майга чейин узартып окуйбуз деп. Баш аламдык. Жок нерселерди ойлоп табышат.
19.05.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-сентябрь эле болгону жакшы.ден соолука пайда дегени болбогон шылтоо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: