Мексикада жыл башынан бери 6 журналист кол салуудан каза болду
Мексикалык журналист Эктор Гонсалес Антонио Сьюдад-Виктория шаарында өлгөнчө сабалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Imagen" медиа-группасынын журналисти ур-токмокко алынгандан кийин шаардын көчөсүндө каза болгон. Мексиканын бийлиги окуя боюнча иликтөө иштерин баштаган.
Мексикада жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине соңку учурда кол салуулар көп болууда. 2017-жылы 12 журналист кол салуудан каза болсо, 2018-жылдын башынан бери 6 журналист курман болушкан. Мексикадагы журналисттердин бирикмесинин маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери өлкөдө 76 репортёр каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















