ЖЫЛНААМА, 1-ИЮНЬ: Бишкектин мэри Албек Ибраимов 51 жашка толду
Мындан 51 жыл мурун, 1967-жылы 1-июнда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Фрунзе шаарында туулган. Учурда үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.Билими:
Фрунзе шаарындагы №58-орто мектебин бүтүргөн, 1994-жылы Бишкек коммерциялык колледжин аяктаган, 1998-жылы "экономист" адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
1987-1989-жылдары - "Тяжэлектромаш" заводунун слесардык-механикалык бөлүмүнүн устаты;
1989-1991-жылдары - Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1992-1996-жылдары - "Илбирс" ААКсынын жумушчусу, башчысы;
1997-2001-жылдары - "Кыргызавтомаш" ААКсынын бөлүм башчысы, коммерциялык директору;2002-2004-жылдары - "Кыргызавтомаш" ААКсынын аткаруучу директору;
2005-2006-жылдары - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси;
2006-2010-жылдары - ишкер;
2010-2011-жылдары - "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору;
2011-2012-жылдары - "Дастан" заводунун башкармалыгынын төрагасы;
2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары;2013-2016-жылдары - "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКсынын башкармалыгынын, директорлор кеңешинин төрагасы;
2016-жылдын 27-февралында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX кезексиз сессиясында депутаттардын көпчүлүк добушу менен Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.
1-июндун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















