super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Журналист Нарын Айып: "Биз мыйзам менен жашаганга көнө элек экенбиз"

 

20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү коомдо чоң чуу жаратып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн. Бийлик кеч болсо да көңүл буруп, кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген соболуна журналист Нарын Айып жеке пикири менен бөлүштү.

Журналист Нарын Айып коом мыйзамдын аткарылышын сыйлоону үйрөнүү керектигин белгиледи.

“Кызмат учурунда ката кетирсе, жазасын алыш керек. Азыр бизде кызматтан кетип калат, ошону менен маселе бүтүп калууда. Бизде туура эмес чечим чыгарган жетекчилер ошол учурда кызматтан кетип, бир жылдан кийин эле кайра иштеп жатышпайбы. Мындай көрүнүштү азыр башчыдан баштап баары эле жасап жатышат. Биз мыйзам менен жашаганга көнө элек экенбиз, эч ким мыйзам менен иштегиси келбейт, ушул нерсе коомдо чоң маселе болуп жатат. Кайсы бир башчы жоопко тартыларда "минткиле, тигинткиле" деп туугандары чуркап келет, мыйзамды кантебиз анда?

Мындай көрүнүштөн арылуу үчүн бийликте отургандар үлгү көрсөтүшү керек. Чоңдор да айланасындагылар да мыйзам бузса, аларга чара көрүлүп, иш аягына чыкса, жалпы коомчулук да ошого тарбияланат", - деди Нарын Айып.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Акылбек Жамангулов, Экмат Байпакбаев, эксперт Мирсулжан Намазаалы жана блогер Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: