"Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүздү" деп кармалган Кыргыз жараны экстремисттик уюмга мүчө же мүчө эместиги текшерилди
"Орусиянын Москва шаарында автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүздү" деп кармалган Ч.А эч кандай экстремисттик уюмдун мүчөсү болгон эмес. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү окуя болор замат таксисттин жакындары менен байланыш түзүп, иликтөө иштерине көмөктөшкөн.
“Окуя болгон күнү эле Орусиядагы ИИМдин өкүлчүлүгүнө “Кыргыз жараны топтошкон адамдарды коюп кетип кармалды” деген маалымат келип түшкөн. Кармалган жарандын террористтик уюмдар менен байланышта болгонун же болбогонун аныктоо тууралуу текшерүү жүрүп, жыйынтыгында ал эч кандай террористтик уюмдарга катыштыгы жок экени аныкталган. Ошондой эле кармалган жарандын жашаган жеринен жана анын бардык дос-тууганынан экстремисттик материалдар табылган эмес. Учурда таксисттин жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетишине анын уктап кеткени себеп болгону айтылууда”, - деди ИИМдин басма сөз кызматкери.
Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси кызматкери унаанын рулун башкара албай жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жаракат алган. Ал эми айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап бара жатып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан.
Москвадагы Кыргыз жараны сүзүп кеткен адамдардын ден соолугу жакшы
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Уктабай иштегени себеп болууда .
1. Этика нормаларын сактаңыз!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!