super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев: "Карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу - бул популисттик кадам"

 

Таабалды ТиллаевӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев жооп берди.

Анын пикиринде, карыздан кутулууну каалаган жарандар жекече эле жардам көрсөтсө туура болот.

“Бул маселе алгачкы жолу көтөрүлгөн жок. Буга чейин да айтылып, бирок ишке ашпай келген. Мамлекеттин карызынын көлөмү жана андан кантип кутулуу керектиги аныкталган. Ал эми аны элдин акча чогултуп төлөө бул - популисттик эле кадам. Эгер каалоочулар болсо, түздөн-түз эле тийиштүү мамлекеттик мекемеге берсе болот. Сырттан карыз алып жатканда бийлик качан, канча сомдон кайтаруу керектигин тактап, аныктап туруп алган. Ошол план боюнча эле төлөнгөнү туура”, - деди Тиллаев.

Жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, депутаттар Максат Сабиров, Бактыбек Райымкулов, Карамат Орозованын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: