super.kg logo
  Саясат  

Карамушкина: "Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев менен жолугуп келдик. Алар мыйзам бузган болсо жооп берүүгө даяр экендигин айтып жатышат"

 

"Жакында Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаевге жолугуп келдик. Алар мыйзам бузган болсо жооп бергенге даяр экендигин айтышты" деп бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Карамушкина кимдир бирөөнүн күнөөcүн көбөйтө берүү бул айланып келчү бумеранг экенин айтты. Ал эл бажы тармагынан, Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыктан байыган ууруларды биле турганын билдирди.

"Ким мамлекетке пайда алып келди, ким зыянын тийгизгенин эл көрүп жатат. УКМКнын тергөө абагы камактагылардын мейманканасына айланбашы керек. Кулматовду кармаганда террористтей кылып колуна кишен тагып алып кетишкени туура эмес. КСДП башка партияларга окшоп бир дагы жолу митинг уюштурган жок", - деди Карамушкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: