Чоң Чүй каналына 38 жаштагы тургун түшүп кетип, изделүүдө
Бишкектин Чоң Чүй каналына эркек киши түшүп кетип, изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июнь күнү саат 15:42 чамасында ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматына кабар келип түшкөн. Кабарда Чоң Чүй каналына 1980-жылы туулган П.А.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги айтылган. Куткаруучулар издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 26-июнь күнү улантыла турганы жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















