Салык кызматынын төрагасы: "Быйыл былтыркыга салыштырмалуу декларация тапшыргандардын саны 35 миңге көп"
Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жылына өсүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.
Анын айтымында, быйыл былтыркыга салыштырмалуу декларация тапшыргандардын саны 35 миң 879га көп. "Ал эми 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 29 миң 494кө, 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 13 миң 730га көп болгон. Быйыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирешелери жөнүндө декларацияларын салык органдарына электрондук түрдө тапшыра башташты", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















