super.kg logo

Ошто кароолчуларды сабаган белгилүү спортчу менен кылмыштуу топтун мүчөсү үй камагына чыгарылды

 

Ош шаарында эс алуучу жайдын кароолчуларын сабаган белгилүү спортчу жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 20-июнь күнү милицияга Ош шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин кароолчуларын белгисиз бирөөлөр сабап кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда сабалган балдардын экөөнүн жаак сөөгү сынып кеткени, бирөө жеңил жаракат алганы белгилүү болгон.

Милиция "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөргө издөө жарыялаган. Издөө иштеринин натыйжасында 25-июнь күнү 1992-жылы туулган Бекболот Абдылда уулу жана 1993-жылы туулган Р.Ж. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, "бейбаштык" беренеси жабырлануучулар медициналык экспертизадан өткөндөн кийин "денеге оор залал келтирүү" боюнча беренеге өзгөртүлүп, материалдар Ош шаардык сотко жөнөтүлгөн.

"Биз ишти сотко өткөргөнбүз. Кечээ, 27-июнда Ош шаардык соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарыптыр", - дешти милициядан.

Мекемеден баса белгилегендей, кармалган 26 жаштагы Бекболот Абдылда уулу белгилүү ММА мушкери болсо, Р.Ж. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн болгон.






Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен спортчу кароолчуларды сабашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
28.06.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХХ уй камагына чыгарат. Спортсмен деп ойлобой буларды спортсмендер ресультат көргөзөт КР туусун желбиретет.
Анан келип алып жөн жерден 2балага күчүн чыгарган ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-29 10:40:01
28.06.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Супер инфо маалымат учун рахмат, бирок биринин атын айтып экинчисинин атын жашырып койгонунар кызык го? Же чёрныйдын атын жашырдынарбы?
28.06.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чала спортик менен чала чёрный
28.06.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйрат медал алып келгенде барбы бул кочону ээлеп алмак экен
Медиа-портал
28.06.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ мен спортсмен катары сыйлачумун бекболотту. ХХХ спортсмен болсон рингде мушташ акмак. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-29 10:43:17
Медиа-портал
29.06.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ask094, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
28.06.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
спорт менен машыгып анан чернуй болуп кетишет
28.06.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атангору ушу бизде колунан бир нерсе келсе эле кооп кеткенибиз жаман да, бул мушкердин денгээли кароолчудай эле турбайбы. А сотторго соз жок, законду ким сыйлайт бизде?!
29.06.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул баланын алган сыйлык наамдарынан, спорттогу даражссынан ажыратыш керек. Негизи КРда 90% спортчулар кылмыштуу топтун мучолору. Аларды каржылаган да ошолор.Кыргызстандагы либой иттин дагы мышыктын дагы чёрный тааныштары болот))) Бир тагдыры тайкы байкуш олко болдук болбосо ушул бала чыккан спорт клуб Омурзаков Суйун дегенге тиешелуу
29.06.2018. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бут жерде акча чечип калган кандай маселе жаралбасын
Акча менен уй камагына чыгышты да
29.06.2018. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун уй камагына эртен сыртка чыгарып жибергиле
29.06.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй камагына чыгарып коюу бизде конумуш эле адат го. Ал эми, спортсменге келсек, бул адамды спортсмен деп айтуунун озу татыксыз. Чыныгы спортсмен, тууну которот, мындай жерге келип адырандабайт, спорттун маданиятын корсотот. Бул - ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-29 10:26:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: