Мээрбек Мискенбаев: "Мени суракка чакырыша элек"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев өзүн суракка чакыра электигин SUPER.KG`ге айтты.
"Мени учурда суракка чакыра элек. Жактоочуларым тийиштүү иштерди аткарып, кандай негизде иш козголгонун, эмне үчүн бир ооз чакырып сурап койбогонун тактап жатышат", - деди Мискенбаев.
Эске салсак, 29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун "Азаттык" жазып чыккан.
Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин айтып, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды", - деп айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Конец переписки
Введите сообщение...