super.kg logo
  Саясат  

Албек Ибраимов: "Бүгүнкү чыгарылган чечим - саясий буюртма"

 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов интернетке жарыялаган өзүнүн видеокайрылуусунда шаардык кеңештин ага ишеним көрсөтпөө боюнча кабыл алган чечимин саясий буюртма деп атады. Ибраимов мындан кийин дагы бул тууралуу видеокайрылуу жасап, кенен маалымат бере турганын айтып өттү.

Калаа башчы учурда эмгек өргүүсүндө болгондугуна байланыштуу шаардык кеңештин жыйынына келген жок.

Шаардык кеңештин депутаттары бүгүн, 13-июлда кезексиз жыйынга чогулуп, добуш берүү аркылуу шаар башчысына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Жалпы 40 депутат катышса, баары "макул" деп добуш беришти.

“Борбор калаанын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан мэрге ишеним көрсөтүлбөгөн учурда премьер-министр аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же шаардык кеңешинин чечими менен макул болбоого укуктуу.

Шаардык кеңеш мэрге кайра ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алса, 3 айдын ичинде премьер-министр аны ээлеген кызматынан бошотот.


кошулду





Албек Ибраимов: "Бүгүнкү чыгарылган чечим саясий буйрутма"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: