super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү мыйзамсыз" дейт Калича Өмүралиева

 

"Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү мыйзамсыз экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аталган коомдук фонд көчөнүн аталышы боюнча маселени изилдеп, мыйзам бузууларды таап чыгышты. "Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү боюнча токтом кээ бир мыйзамга каршы келет. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2020-жылга чейин көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Биз райондор аралык сотуна кайрылдык. Сотко берердин алдына Бишкек шаардык кеңешке кат жазганбыз. Бирок алар көчөнүн атын өзгөртүүнү артка кайтарып алган жок. Ошондуктан сотко кайрылууну туура көрдүк. Соттук отурум эртең, 17-июлда башталат", - деди укук коргоочу.

Айта кетсек, бул сунуш 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген. Шаардык кеңеш сунушту колдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.07.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күн карама депутаттар да азыр С.Жээнбеков айты десе ошол жакка ооп кетет себеби базардан келгендер да
16.07.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көчөлөрдү ар нерсе деп атын өзгөртө берип бизди да мандраж кылышты. Байтик Баатыр , жарымы дагы башкача аталышта.
7-апрель, жарымы дагы башка аталышта.
Бир көчө башынан аягына чейин бир аталышта болсо, анан да баарлык курулуштарга ,үйлөргө номерлер берилсе.
16.07.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун ХХХХХХХХ отурдунбу
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-16 13:18:09
16.07.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура маселе. Чон кочолорду референдумга окшотуп элдин добушу менен алмаштырыш керек болчу. Андай болбосо бир ууч бийликтин коммандасы Чуй проспектисин Руцкая деп деле озуно жакканын кылып алышса болоберетурган болуп калган.7 апрель деген аталыштын кереги жок. Аны Атамбаев короосуна коюп алсын.
16.07.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jbolotov,Сен оз корооно бакиев деп коюп ал. Силер Бакиевчилер апрель окуясына асылбай эле койгулачы. Сага окшогон бакиевдин снайперлерин шейит кеткендердин арбагы урсун.
pat12 түзөттү 2018-07-16 20:13:04
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: