Тарых музейин жаңылоо боюнча кылмыш иши УКМКга жиберилди
Жумуру жыгачтын 59 даанасы - 28 миллион 266 миң 680 сом
Жумуру жыгачтын 59 даанасы - 28 миллион 266 миң 680 сом
Жыгачтын сөңгөгүнүн 1 даанасы – 148 миң 830 сом
Кофе даярдоочу аппарат - 195 миң 124 сом
Кафетерий үчүн 60 отургуч – 6 миллион 603 миң 792 сом
Кафетерий - 23 миллион 823 миң 644 сом
40 металл отургучунун 1 даанасы – 37 миң 478 сомдон 64 миң 5 сомго чейин
Жыгач отургучунун 1 даанасы - 76 миң 759 сом
Телевизордун тирөөчү - 114 миң 468 сом
Жасалма аттардын 2 даанасы - 3 миллион 503 миң 448 сом
Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши УКМКга жиберилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Азырынча кылмыш иши кимдерге козголгону тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин күнөөлүү адамдарга айып тагылып, иш сотко жиберилет. Тергөө УКМК тарабынан жүргүзүлөт. Тийиштүү материалдардын баары тиркелип төргөөгө жиберилген”, - дешти башкы көзөмөл органдан.
Эске салсак, Башкы прокуратура 13-июлда Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу мыйзам бузууларга карата бюджеттик акча каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы менен Кылмыш-жаза кодексинин 5 беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Сыртын бүтүргөндөн кийин ичин жасатпай туруп биздин аткаминерлер келишимди жокко чыгарышат. Анан өзүбүздүн акчага курабыз деп 23 миллион доллар жумшашкан. Эми караңыздар, болжолдуу сумма менен алганда эле 13 миллион доллар уурдалганы көрүнүп турбайбы?