Бишкекте салмагы 6 килограммдан ашык болгон ымыркай жарык дүйнөгө келди
Бишкек шаарында салмагы 6 килограммдан ашык болгон ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен Раиса Асылбашева билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркай Бишкек шаарындагы №1-төрөт үйүндө кечээ, 18-июлда төрөлгөн.
"Кечээ, 18-июлда саат 13:14тө 34 жаштагы келин салмагы 6 килограмм 230 грамм, бою 58 сантиметр болгон уул баланы жарык дүйнөгө алып келди. Бала операция жолу менен төрөлдү. Жаңы төрөлгөн ымыркай келиндин 5-баласы. Азыркы тапта эне-баланын абалы жакшы", - дейт Асылбашева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
Рейтинг:
9
9

Супер-Инфо
super.kg видео
















Бул видеохостингди, курамы окшош сайттарды жарнамалоого тыюу салынган! 10 күн БАНга!
Омурлуу,бактылуу жигит болсун...