Унаанын ичинде шымы жок жаткан укук коргоо органынын кызматкери жумуштан бошотулду



Унаанын ичинде шымы жок жаткан укук коргоо органынын кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтык иликтөөдөн соң кайгуул күзөт кызматынын кызматкери жумуштан бошотулду. Кызматкердин аты-жөнү жана ал эмне себептен шымы жок уктап жаткандыгы тууралуу маалымат жок.
Айта кетсек, буга чейин активист Болот Ибрагимов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн. Анда укук коргоо органдарынын формасын кийген киши шымы жок унаанын ичинде уктап жаткандыгы тартылган. Видеодо кайсы жакта, качан жана кандай себептерден улам киши унаада шымы жок уктап жаткандыгы тууралуу маалымат берилген эмес. Бул иш боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы иликтөө иштерин баштаганын билдирген.
кошулду
Шымы жок милиция кызматкери










1 |