ЖЫЛНААМА, 6-АВГУСТ: Мындан 76 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев душмандын амбразурасын денеси менен жаап, баатырларча курман болгон
1942-жылы 6-августта дзоттун амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган жана ал үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" аталган Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон.
Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кирген.
Ал гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырларча курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиев көзү өткөн соң 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам менен сыйланган.
6-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















