Өлкөдө 20-август эс алуу күнү катары жарыяланды. Буга байланыштуу өлкө жарандары 4 күн эс алат
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, беш күндүк иш жумасы менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 20-август эс алуу деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдады.
Белгилүү болгондой, 21-августта Кыргыз өлкөсүндө Курман айт майрамы белгиленет. Ал эми 20-августтагы иш күнү 22-сентябрдагы эс алуу күнүнө жылдырылган.
Муну менен Кыргызда 18-19-20-21-август күндөрү, 4 күн катарынан эс алуу болот.
"Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри кол койду. Бул чечим 2018-жылы эс алуу жана жумуш эмес күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Меку алтыным