super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылышы өттү

 

Бүгүн, 16-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ошондой эле Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев катышты. Абылгазиев белгилегендей, Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине белгилүү Кыргыз жазуучусунун атынын ыйгарылышы казак эли жана Нурсултан Назарбаев башында турган Казакстандын жетекчилиги тарабынан Чыңгыз Айтматовдун элесине терең сый-урмат көрсөтүүсү катары саналат.

"Биз Чыңгыз Айтматовдун калтырып кеткен зор маданий мурасы менен сыймыктанабыз. Анын чыгармалары дүйнөнүн 180 тилине которулуп, жер шарынын булуң-бурчунда өз окурмандарын тапкан. Ушул жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин түрк тилдүү мамлекеттерде, КМШ жана Европа өлкөлөрүндө масштабдуу түрдө белгилөө пландаштырылууда. Буга байланыштуу биз Нурсултан Назарбаев эки элдин ортосунда бир нече кылымдар бою калыптанып келе жаткан достукту сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп келе жаткандыгына ыраазычылык билдиребиз", - деди Абылгазиев.

Чыңгыз Айтматов атындагы көчө жалпы маанидеги магистралдык көчө, 8 кыймыл тилкеси бар. Ал Астананын тарыхый бөлүгүн жаңы конуштардын аймагы менен бириктирип турат. Көчөнүн жалпы узундугу 2020-жылга карата 7,2 чакырымды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
16.08.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казактар кочо ачышты
А озбектер кино тартып жатышатар
А бизчи
16.08.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
maks94.kb,А биз жүрөбүз москвада иштеп)))
16.08.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
maks94.kb, Биз жөн эле жүрөлүчү башкаларга тең келбей элечи, андан башка жасай турган маанилүү жумуштар көп, же баары бүтуп Айтматовдун юбилейи калдыбы? Биз болгону Ч.А кыргыз экенине сыймыктанып койсок жетиштүү, башкалар жасай беришсин.
16.08.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salaf,ырас айттын
16.08.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз барктай албай жүрөбүз. Жүрүшөттөр ачышаттар деп,өз тилибизди бурмалабай таза сүйлөйлү тууганым. Казак элине алкыш.
17.08.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут дуйно жузу билет, барктайт биздин Чынгыз атабызды.100 жылда бир жаралчу адам. А биз эмне кылдык жарым кочонун атын бердик. Уят эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: