super.kg logo

Мусулмандар зыярат кылып жаткан Мекке шаарында катуу шамал катталды

 

Дүйнөнүн 4 бурчунан келген мусулмандар зыярат кылып жаткан Мекке шаарында катуу шамал катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шамал 19-августта болгон.

Катуу шамал зыяратчылардын чатырын, ыйык таштын үстүндө жабылып турган атайын кездемени да учуруп кете жаздаган.

Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгы шамал Мина өрөөнүндө да болгонун айтып төмөнкүлөрдү билдирди.

"Азыркы учурда биздин өлкөдөн барган мекендештерибиз Мина өрөөнүндө, Арафат тоосунда ибадат кылышууда. Ал жерде да шамал болгон, бирок эч ким жабыркаган эмес. Өлкөбүздөн кеткен зыяратчылардын баарынын абалы жакшы", - деп билдиришти муфтияттан.

Айта кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз зыяратчылары үчүн 5 миң 400 квота бөлгөн.








Меккеде катуу шамал болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
21.08.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эч ким жабыркабаптыр,шугур.Курман айтынар маарек болсун.Ажыга барууну бизге да насип этсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: