Күбө: "Аламүдүн" базарындагы лифт бекилип калган. Ичинде 1 сааттай турган адамдар аба жетпей, айнекти талкалашкан"
Буга чейин "Аламүдүн" базарындагы жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөктөгү лифтти тургундар талкалап кетишти" деген маалымат сүрөттөрү менен тараган. Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев: "Аламүдүн жактагы көпүрөнүн лифти - биздин, шаардыктардын ар бирибиздин мүлкүбүз. Үйүңүздү, үйүбүздү талкалап жатышат. Ар бирибиз көңүл буралы", - деп интернеттеги баракчасына жазып чыккан.
Бул боюнча күбөлөр SUPER.KG'ге кайрылып, терезе атайын талкаланбаганын билдиришти.
"Тургундар айнекти талкалап кетти деген маалымат тарап кетти. А чынында кырдаал башкача болгон. Бул жердеги лифттин эшиги бекилип ачылбай калган бир нече учур болгон. Ошол жерде кайсы бир кырдаал жаралса чалгыла деген номер көрсөтүлгөн.
Ошол күнү да 2 тургун лифтке түшкөндөн кийин ачылбай калган. Сырттагы адамдар көрсөтүлгөн номерге чалып чакырышкан. Бирок бир саат өткөндөн кийин да чакырылган жумушчулар келбегендиктен ичиндеги тургундар аба жетпей ысыкта кыйналып кетишти. Мындан улам айнекти сындырууга аргасыз болушкан. Ага чейин сырттагы тургундар эшикти бир аз ачып, аба киргизүүгө аракеттеништи.
Буга чейин да мындай абал болуп келген. Бирок кемчилик жоюлган эмес. Лифтке оор жүгү барлар, улгайган адамдар көп кирет. Алардын көбүнүн кан басымы көтөрүлөт же жүрөгү ооруйт. Капыстан кырсык болуп кеткенден кийин баары кеч болот. Андыктан мэрия тургундардын коопсуздугун башкы орунга коюп, дээрлик бир жылдан бери кайталанып келе жаткан маселесин чечсе жакшы болмок", - деди көбү өз сөзүндө.
Буга чейин Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков лифтти талкалагандар изделип жатканын кабарлаган эле.
кошулду
"Аламүдүн" базарындагы лифт ачылбай калганда тургундар сындырып чыгышкан













1 |