"Чиедей эки баламды жетим калтыргым келбей, жардам сурап кайрылганга аргасыз болдум" дейт боордун циррозунан жабыр тарткан ата





Жалындаган жаштык курагында оор илдет менен күрөшүп, кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап жаткан Милан Садыкжан уулу 24 гана жашта.
"Телеканалдардын биринде оператор болуп эмгектенип, бош учурда элдин жакшылыгында кызмат кылып той, ар кандай мааракелерди тартып, монтаждап берчүмүн. Эл катары ата-энемдин ак батасын алып үйлөнүп, алгач кыздуу, андан соң уулдуу болдум.
2012-жылы ооруп калганыма байланыштуу облустук ооруканага жаткам. Алгач мени бөйрөгүңө суук тийиптир деп эле дарылап жатышты, ошол мезгилде эле боорум ооручу экен. 2018-жылдын январь айында кайрадан оорунун айынан дарыгерлерге кайрылганымда, мага "бооруң кургап кетипти, тез аранын ичинде бооруңду алмаштырыш керек" деп билдиришкен", - дейт каарманыбыз.
Оорунун айынан бузулган үй-бүлө...
Жубайым мен ооруп калгандан кийин кетип калды. 2 балам менде. Кызым 5 жашта, уулум болсо 3 жашта. Ушул чиедей балдарымдын келечеги үчүн оору менен алышып келе жатам. Мен дагы башка ата-энелердей болуп балдарыма жакшы шарттарды түзүп, алардын жаркын келечегин көргүм келет. Кызым эртели-кеч айланчыктап жанымдан чыкпайт, мага өтө жакын. Кызым менин абалымды көрүп ыйласа, жанымды коёрго жер таппай, жүүнүм бошоп, жүрөгүм тилинет.
Үзүлбөгөн үмүт...
Азыркы тапта ата-энем менен турам. Алар болгон күчүн жумшап мени айыктыруунун аракетин көрүп жатышат. Дары-дармек алыш үчүн өзүмдүн жана ата-энемдин унаасын саттык. Дарыканаларда иштеген тааныштардан каражат жетпегендиктен керектүү дарыларды карызга алчумун. Алар менин абалымды көрүп, карыздарын кечкендигин айтышты. Боорумду алмаштыруу үчүн Индияга барып операция жасатып келүүм зарыл.
Операцияга болжолдуу эсеп менен 50 миң доллар керектелет экен. Бул акчаны толугу менен ата-энем жана жакындарым таба албасына көзүм жетип, элден жардам сураганга аргасыз болдум. Башында элге жардам сурап кайрылуу керектигин укканда намыстанып макул болбой койгом. Бирок абалым күндөн күнгө оорлошуп жаткандыгына байланыштуу бул кадамга барууну чечтим. Операцияга керектеле турган акчанын аз бөлүгүн жакындарым жана ата-энем таап берибиз деп жатышат.
Учурда материалдык колдоого муктаж болуп жаткан Милан Садыкжан уулунун байланыш номери 0778 33 45 45, Элсом номери 0778 27 52 52.
кошулду
Милан Садыкжан уулу жардамыңыздарга муктаж


077833 45 45 Милан Садыкжан Уулу
Элсом: 0778 27 52 52.