super.kg logo

Кайрат Нуртас ырчы Джоннинин "Күттүм, ай" чыгармасын казак тилинде аткарып чыкты

 

Учурда хит болуп жаткан "Күттүм, ай" чыгармасын Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртас жаңы аранжировка менен ырдап жаткан видеосу социалдык тармакка жайылып, кызуу талкуу жаратты. Буга чейин аталган ырдын автору жана аткаруучусу Джонни: “Кайрат Нуртастын менеджери чалып “Кайрат Нуртас сиздин ырыңызды аткарууга кызыкдар” деген оюн айткан. Бирок мен бербей, ойлонуп көрүүнү туура көрдүм" деген ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде. Ырчы казак жылдызынын бул чыгарманы жаздырып чыкканы боюнча буларды билдирди.

"Негизи бул чыгарманы 3-4 ырчы башка тилде аткарып чыгалы деп сураган. Алардын арасында Кайрат Нуртас дагы бар болчу. "Күттүм, ай" чыгармасын өзүм казак тилинде аткарып чыгайын деп ойлогом. Мага Кайрат Нуртастын продюсери чалып, ырды аткарып чыгууга кызыкдар болуп жатканын айтканда ойлонуп көрөйүн дегем. Бирок мен жообун бергиче алар студиядан чыгарманы жаңы аранжировка менен жаздырып баштаганын ырчынын социалдык тармактагы жеке баракчасынан көрүп калдым. Ошондо ырчынын менеджерине чалып "ырды казак тилинде жаздырып жатыптырсыңар, мен макулдугумду бере элекмин да" десем, "биз сиздин жообуңузду эле күтүп жатабыз, ырды чыгара элекпиз" деди. Ошондон кийин чыгарма Кайрат Нуртаска аябай жагып жаткан болсо ырды сатпай эле достукту бекемдөө максатында берейин деп чечтим. Эми Кайрат Нуртастын өзү менен сүйлөшүп ырды аткарып чыгуусуна макул экендигимди айтам. Кайрат мырза жаман ырдабайт, ал дагы бул чыгарманын мындан дагы көп угуучуларын топтогонго жардам берет деген ниеттемин", - дейт ырчы.






Кайрат Нуртас: "Күттүм ай"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.09.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Демек шоу бизнестин эн корунуктуу ырчысы Кайрат Нуртас ырдап чыгайын десе сенин ырын жаккан экен. Анча мынча ырлар жага бербейт го ал ырчыга. Эмне демекпиз сенден мындан ары да жакшы чыгармаларды кутуп калабыз
03.09.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайрат Нуртас кайсы ыр хит болсоле ошого жабыша берет,Джонни озу казакча ырдаса деле жарашмак, эркек экен ызы чуусу жок эле кайра мейли дептир
03.09.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ырчылык онор эч нерсени тандабайт. Баардыгына бирдей мамиле кылат. Тилине да, динине да, салтына да карабайт. Сынчы боло бербейлик.
03.09.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биздин акылдууларга кудай берет экенда,ичиндеги ирик-чирик создорду жазышып.
Медиа-портал
03.09.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Джониге жетпейт экее
06.09.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалтыраган нерсе корсо жулуп алып жаман опколонот го. Чынында Кайраттын уну Ильяз Абразаковдун унуно жетпейт. Дует ырдаганда ачык эле байкалат. Поддержка кучтуу болгон учун коколоп кеткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: