super.kg logo
  Саясат  

БШКнын мүчөсү депутат Аскарбек Шадиев кандай учурда мандатынан ажыратыла турганын айтты

 

"Парламент депутат Шадиев 30 иш күнүн калтырды деп кат жибергенде гана мандатынан ажыратуу маселеси каралат" деп бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекматов белгилегендей, мыйзамга ылайык, депутат 30 иш күнүн себепсиз калтырса, мандаттан ажыратуу маселеси каралат. "Депутатты мандатынан ажыратуу үчүн Жогорку Кеңеш депутаттын жумушка келбегени боюнча корутунду чыгарып, БШКга кат жибериши керек. Ошондо гана мандаттан ажыратуу маселеси каралат. Ал эми кылмыш иши козголгону боюнча депутаттык мандатынан ажырата албайбыз. Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде гана эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болот", - деди Бекматов.

28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. 1-июнда Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткенин аныктаган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: