Статистикалык комитет: Ушул жылы 8 ай аралыгында өлкөдө орточо айлык акынын көлөмү 15 765 сом болду
Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча орточо айлык акынын реалдуу өсүшү 2018-жылдын январь айынан июль айына чейин 4,5 пайызды түздү. Акчалай туюнтканда, орточо айлык акы 15 765 сом болду.
Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 2018-жылдын август айынын аягында 68,8 миң адамды түзгөн. 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,9 пайызга өскөн.
Ал эми экономикалык маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2018-жылдын январь айынан июль айына чейин 3 миллиард 794,9 миллион долларды түзүп, 2017-жылдын январь айынан июль айына чейин салыштырмалуу 14,0 пайызга өстү. Анын ичинде экспорт – 917,8 миллион долларды (1,6 пайызга төмөндөө), импорт – 2 миллиард 877,1 миллион долларды ( 20,0 пайыз өсүү) түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Тамаша жалған бул ((