"Колдорум тубаса кыска, бирок өкүнбөйм, кейибейм. Тоодой максаттарым бар" дейт 19 жаштагы Бейшебай Талантбек уулу




Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну, 2 колу тубаса кыска төрөлгөн Бейшебай Талантбек уулу ой-толгоолору, максаттары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди. 19 жаштагы Талантбек уулу азыркы учурда Бишкек шаарындагы компьютердик колледждин 3-курсунун студенти. Максаты - өз кесибин мыкты өздөштүрүү жана Кыргызга таанымал, алдыңкы ырчылардан болуу.
"Менин колдорум төрөлгөндө эле кыска болуп төрөлгөн экен. Буюмдарды кармап, жумуш жасоодо кыйналбайм, баарына көнгөм. Бул абалым мени кейитпейт. Адамдын мүмкүнчүлүгү чексиз деген принцип менен жашайм", - дейт каарманыбыз өз сөзүндө.
Айтымында, ден соолугуна байланыштуу мектепке 2 жыл кеч, 9 жашында барган. Казыбек айылдык Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектепти аяктап Бишкектеги компьютердик колледжге окууга тапшырган.
"Максатым - музыкант болуу болгондуктан борборубуздагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына баргам. Бирок ал жерге кабыл алуу шарттары боюнча окуучу жок дегенде музыкалык бир аспапта ойногонду билүүсү керек экен. Ошентип аталган окуу жайга өтпөй калдым. Учурда техника калктын бардык катмарына жайылып жаткандыктан компьютердик колледжди тандадым.
Бош убактымда футбол, шахмат ойнойм. Кейий турган эч нерсе жок. Мектепте окуп жүргөндө маданий иш-чараларга, сынактарга активдүү катышып, бир нече мактоо баракчаларын алгам. Бош убактымда өз алдымча ырдап, ырларды үйрөнүп өз айылыбызга "ырчы" бала катары таанылдым. Айылда жеке концерт да өткөргөм.
Кийин райондогу айылдардан "тойлорго келип ырдап бер" деген чакыруулар түшө баштады. Бул мага дем-күч берип, ырдап-машыгууларды мурдагыдан да көбөйттүм", - деди Талантбек уулу.
Ошондой эле кыргыздын улуттук музыкасына, эски кыргыз ырларына басым жасай турганын, аларды аткаруудан ырахат аларын кошумчалады. Тойдун катышуучуларынын табитине ылайык, эстрада ырларын, казак тилиндеги ырларды да аткара баштаганын белгиледи каарман.
Бейшебай Талантбек уулу: "Кыргызга таанымал ырчы болгум келет"
Бейшебай Талантбек уулу тойдо ыр аткарууда








1 |