Ысык-Көл. Каракол шаарында медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустагы медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдиргендей, атайын жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча 8 номинация менен ак халатчандар сыйланышты. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан "Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери" сыйлыгы менен облус боюнча 27 кызматкер, Ардак грамоталары менен 7 кызматкер сыйланышты. Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, өкүлдүн орун басары Роза Кайыкова, шаар мэри Рыскул Калыгулов жана башка жетекчилер катышты. Белгилей кетсек, майрамдык иш-чараны өткөрүүгө облустук администрация тарабынан жалпы 123 миң сом каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















