Бишкекте унаа токтотуучу жайдын айдоочу тарабынан сабалган улгайган кызматкеринен милицияга арыз түшкөн-түшпөгөндүгү текшерилүүдө
Бишкекте айдоочу тарабынан ур-токмокко алынган унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкеринен арыз түшүп же түшпөгөндүгү текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул видео интернетке аз убакыттын ичинде жайылып, айдоочунун жоругу кескин сындалууда. Анда жазылган билдирүүгө ылайык, борбордогу базарлардын биринин жанындагы унаа токтотуучу жайда айдоочу улгайган жумушчуну сүзүп алган.
"Катуу чочуп кеткен жумушчу айдоочунун унаасын муштап жиберген. Буга ачууланган айдоочу улгайган адамды сабап салган", - деп жазылат билдирүүдө. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.
"Учурда жабырлануучу адамдан укук коргоо органдарына арыз түшүп же түшпөгөндүгү текшерилүүдө. Кийинчерээк бул окуя тууралуу кененирээк маалымат берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бишкекте айдоочу унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин сабап салды
Нарында улгайган аял, Бишкекте улгайган эркек адам жаштар тарабынан сабалды




















1 |