Өткөн суткада Бишкектин "Тез жардам" кызматына 565 кайрылуу түштү
Өткөн суткада Бишкектин "Тез жардам" кызматына 565 кайрылуу түштү. Анын ичинен 419 чакырууга дарыгерлер тобу барышып, 114 адам ооруканага жеткирилди. Борбор шаардын аймагында өткөн суткада 5 жол кырсыгы катталып, анын төртөөсү автоунаа менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетүү болгон. Айтматов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен 14 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп кетип, ооруканага жеткирилди. Ошондой эле бир сутка ичинде 2 суицид катталган. Бир жаран дары ичип өзүн өлтүрмөкчү болсо, бирөө өз үйүнөн асынып алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.