super.kg logo
  Спорт  

Балбан Элмирбек Садыров: "Жаштар арасындагы Олимпиада оюндарынан алтын медаль менен кайтып келериме ишенем"

 

Жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына Кыргыз курама командасынын капитаны катары жөнөп жаткан Элмирбек Садыров SUPER.KG порталына Олимпиада оюндарында алтын медалды багындырарына ишенерин айтты.

"Бул Олимпиада оюндарына чейин окуу-машыгуу жыйындарынан өткөн жокмун. Бирок мени агайым жакшы даярдады десем болот. Кудай буюрса, Олимпиададан алтын медалды утуп келем деген үмүттөмүн. Бул Олимпиадага жакшы даярдыкта бара жатабыз. Оюнга жолдомо Азия чемпиондоруна гана берилмек. Мен Азия чемпиондугунун финалга чыгуу үчүн беттешинде өзбекстандык балбанга утулуп калгам. Бирок өзбек балбандын канында допинг табылганы үчүн жолдомо мага берилди", - деди ал.

Ошондой эле Элмирбек Садыров Олимпиададагы атаандаштары тууралуу айтып берди.

"Бул оюндарда негизги атаандаштарымды билем. Европа аймагынан армениялык балбанды, Америкадан мексикалык балбанды күчтүү деп эсептейм. Негизги атаандаштарым ушулар", - деди Садыров.

Айта кетсек, жаштар арасындагы Олимпиада оюндары Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында 6-18-октябрь аралыгында өтөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрүндө катышат.






Балбан Элмирбек Садыров: "Жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында алтын медаль камсыздайм"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.09.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай буюрса деп башына же аягына кошуп кой, баары Кудайдан, биз да алтын медаль менен келгиле деп Кудайдан тилейбиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: