super.kg logo

Маршруттук таксинин ичинде жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу кармалса административдик жазага тартылат

 

"Социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан видеодогу өз жүргүнчүсүнө кол көтөргөн айдоочу изделип жатат. Ал кармалса коомдук транспортто тартип бузгандыгы үчүн административдик жазага тартылат". Мындай маалыматты Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Учурда айдоочунун каттамдагы маршруттук таксиси кайда токтотулганын билебиз. Ал эми айдоочу өзү изделип жатат. Коомчулук билгендей, айдоочу сабырын жоготуп, жүргүнчү аялга кол көтөргөн. Натыйжада таксидеги башка жүргүнчүлөр арачы түшүшкөн. Буга карабай ал аялды бир нече ирет чапканга жетишкен. Ошондой эле маршруттук таксидеги балдар ыйлап, коркуп калышкан. Бул көрүнүш коомдук транспортто тартип бузуу катары катталып, ошого жараша айдоочуга чара көрүлөт", - деп билдиришти мекемеден.

Окуя боюнча Чүй ОИИББине кайрылганыбызда, аталган кызматтын маалымат катчылыгы айдоочунун үстүнөн арыз түшө электигин билдирди. "Эгерде айдоочуга карата жүргүнчүлөр тарабынан арыз жазылса, тиешелүү берененин негизинде чара көрүлөт", - деди маалымат кызматы. Учурда айдоочу изделип жатат.

Эскерте кетсек, SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Айдоочу менен жүргүнчү аял чырдаша кетип, айдоочу ага кол көтөрдү" деген видео жүктөлгөн. Бул видео социалдык тармактарда да талкууга алынган. Анда айдоочу жүргүнчүлөрдүн "музыканын үнүн кичирейтип кой" деген талабына ачууланып, алдыңкы катарда отурган аялга кол көтөргөнүн, каттамда кетип бара жаткан балдар ыйлап, жаңжал жаралганын көрүүгө болот. Ошондой эле бул айдоочу №302-Бишкек-Кара-Балта каттамындагы маршруттук таксини айдай турганы маалым болгон.


кошулду





Айдоочу менен жүргүнчү аял чырдаша кетип, айдоочу ага кол көтөрдү

Маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчү аялга кол көтөрдү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
Медиа-портал
03.10.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Аял деген аялдай болсо уялбай суйлоп жаткан создоруно не дейсин тили тизеден эмес кызыл ашыктан экен
Медиа-портал
04.10.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Arman7,менимче сазайын эле алды ажылдап токтобойтго. Ар бир клиент ушинтсе байкуш шоферлер кантет??? Аялдыкы туура эмес
Медиа-портал
03.10.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аял ажылдап бир создон калбай урушуп ататго. Азыркы аял кишилер уян болсо, ажаандай болуп эркек менен тен тайлашбай. Куйоосубу бул не создон калышбай урушкудай урушкусу келсе куйосуно барсын урушсун. Жакшы соз жыланды ийинден чыгарат. Музыка катуу болуп атса акырын айтсын сылык ун менен шофер деле жинди эместир мынчалык корунуп эле туратго ким баштаганы
Медиа-портал
03.10.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баланын журогун тушурду, эркек болуп туруп аял кишиге кол которгон кишини тарбиялап коюу керек экен. Журогум ооруп кетти байкуш балдарына. Аял да Кичине тилин тыюу керек, бирок азыркы айдоочулар ашыкча эле обу жок болуп кетишкен. Кааласан чык каалабасан туш деген мамиле жасашат. Бул айдоочууга жаза колдонулса жакшы болоор эле. Тура калып сабай турган аялы же бир тууганы эмес да.
Медиа-портал
03.10.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кандай аял .балдарынын ыйлап чыркырап жатканын корбогон . Мин туура эмес кылып жатса да айдоочу балдарынын журогун тушурбой урушпай эле койбойбу
Медиа-портал
03.10.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айдоочунун ХХХХХ ХХХХХ окшойт правасын алыш керек туболуко клиент всегда прав дейт булар музыканын унун оздору каалагандай которгудой жалгыз кетип жаткан жок да копчулукту сыйлаш керек аялды жаман депсинер чыныгы катындар маршрутка айдагандар коркутуп баары ишке чыкпай койгонун тез эле унуттунарбы буларга боор оорусан боорго тебет кунуно 3-5 минден тапса дагы жол кирени 15 сомго которсо жакшы болот эле деген ХХХХХХ дп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-03 16:42:29
Медиа-портал
05.10.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz_bloger, кечиресин, уй-булоо багам деп иштеп жатышат. Аял кишиде куноо экен. Куйдайдан коркогон, акмакчылык да. Эми тиги байкуш айдоочуну сотко берип.
03.10.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыз тушкондо чара коробуз дегени озу туура эмес административный акт менен чара коруш керек
Медиа-портал
03.10.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аял да, эркек да бири биринен калышпайт экен, балдарынын ыйлаганына Карабай ажылдаган аялга туура эле.
03.10.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сотко бериш керек. Компенсация толонуп бериш керек
03.10.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Катуурак чара коруш керек айдоочуга
Медиа-портал
04.10.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куйоосу менен ажылдашып конуп калган аял го.Аял деген аял атка татыктуураак болсо.Баласын ойлобогон кандай неме.Айдоочуну ошого жеткирди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: