Окумуштуулар адам эс-тутумунда канча адамдын жүзүн эстеп каларын айтышты
АКШдагы Йорка университетинин окумуштуулары атайын изилдөө жүргүзүп, адам баласы өзүнүн эс-тутумунда канча адамдын жүзүн эстеп калуусу мүмкүн экендигин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.Маалыматта жазылгандай, изилдөөнүн жыйынтыктары окумуштууларды таң калтырган. Окумуштуулар адамдарды чакырып "жүзүн эстей алган адамдарды тизмеге жазгыла" деген тапшырма беришкен. Алгач алардан досторун, жакындарын, кесиптештерин жана классташтарын тизмеге жазуусун суранышкан. Тизмени түзгөнгө 1 саат убакыт берилген.
Изилдөөнүн жыйынтыгында адам орточо эсеп менен 5 миң адамдын жүзүн эс-тутумуна сактап жүрөрү аныкталган. Эң минималдуу көрсөткүч миң адам болсо, эң максималдуу көрсөткүч 10 миң адам болгон. Окумуштуулардын айтымында, 10 миң адамдын жүзүн эстеп калуу адам баласы үчүн чек эмес.
Адам эс тутумунда 5 миң адамдын жүзүн сактай алабы?
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-12-15
12:44
2025-12-15
Рейтинг:
8
8
Комментарийлер(3)
ziash85
11.10.2018. 15:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайым адамды аябай сонун кылып жараткан да өзү
aman0296
11.10.2018. 17:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызык, биздин насвай, тамеки, алкоголь ичкендер канча адамды эстей алат болду экен?
trabzon11
11.10.2018. 18:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aman0296,20 000 дейди эстесе керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















