super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Депутат Карамушкина мурдагы элчи Кылычбек Султандын ТИМдин кемчиликтери тууралуу жасаган билдирүүсүн кароону сунуштады

 

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлигинин кемчиликтери тууралуу жасаган билдирүүсү боюнча маселени күн тартипке киргизүүнү сунуштады.

"Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети болгондон кийин мурдагы элчининин Тышкы иштер министрлиги тууралуу билдирүүсүн карашыбыз керек. Анын айткандары боюнча канчалык деңгээлде далилдер бар? Бул олуттуу билдирүү. Ал ошол сөздөрдү жоопкерчиликти түшүнүү менен айткан. Бул маселени күн тартибине киргизүү же комитет комиссия түзүшү керек", - деди Карамушкина.

Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов бул маселе кийинки жыйындын күн тартибине киргизиле турганын айтты.

Кылычбек Султан маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан кемчиликтерди атап берген. "Элчиликтерде акча талап кылган учурлар, чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик жолу менен жеткирүү фактылары, чет өлкөдө дипломаттык номерлерди пайдалануу фактылары, дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломатиялык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем, тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматты жеткирүүнү чечтим", - деген мурдагы элчи.

Президенттик аппараттын алдындагы Коопсуздук кеңеши элчи Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтканы аныкталганын моюнга алды.

Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына "Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым", - деп жазган.

Жогорудагы пост жарыялангандан көп өтпөй Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: