super.kg logo

Тамадалар уюштурган жосунсуз оюндар тойдун көркүн ачабы же жаш-карыны ыңгайсыз абалга салабы?

 

Күз мезгилинде Кыргыз өлкөсүндө тойлор күчөп турган убагы. Өткөрүлгөн тойлордун саны көбөйгөн сайын майрамдын тизгинин колуна кармап, тамадалык кызматты аркалагандардын да саны өсүп келет. Жакшылыктын болуп турганы жакшы иш, бирок ошол тойду башкарып жаткан тамадалар уюштурган ар кандай жосунсуз сынактардын айынан интернет айдыңына ар кандай видеолор тарап, анын катышуучуларынын айрымдары кескин сынга кабылып жаткан учур.

Кыргыз элинде үлпөт тойбу, тушоо тойбу же мааракеби жаш-карысы, кудаа-сөөк келери баарыбызга белгилүү. Бирок ошол тойдо жаш-кары аралаш отурганын ойго албай, орунсуз оюндардын орун алганын көрөсүң.

Аял-эркектин бири-бирине жабышуусу, чектен ашып бийлөөсү дагы башка, айтор демейдегиден аша чапкан учурлар камтылган оюндарды көргөндөрдүн кээ бирлери уюткулуу кыргыз элинин азыркы абалына зээни кейигенин айтышат. Аталган оюндарга жашы да, карысы да катышып тамаданын эркине каршы чыгып "кой, бул оюнуң жарабайт" деп айтпайт. Албетте, тамадалык кызматты аркалап келе жаткандардын арасында тойду өз нугунда алып баргандар дагы жок эмес.

Ал эми тойдо өз өнөрүн тартуулап, "Жар-жар" айтып эки жашты эл алдына алып чыгып жүргөн ырчы Элзар Өскөнбаева тамадалардын адепсиз оюндарына өзү күбө боло электигин айтат.

"Күз мезгили болгондуктан тойго чакыруулар көп болот. Азыркы учурда кичинекей балам болгондуктан "Жар-жар" ырын айтып коюп үйгө шашам. Ошол себептүү ал жакта уюштурулган оюндарды көрбөй калам. Чектен ашкан оюндарга өзүм менен күбө боло элекмин. Бирок айрым учурларда социалдык тармактардан тойдон тартылган видеолорду көрүп калып таң калам. Мааниси жок, күлкү үчүн гана уюштурган оюндар көп", - деп билдирди ырчы.

Төкмөлөрдүн улуу көчүн улап келе жаткан акын Азамат Болгонбаев тойдогу орунсуз оюндарды көпчүлүк учурда жаңы чыгып келе жаткан тамадалар уюштурат деген ойдо.

"Байыртан кыргыз эли тойду көңүл ачып, шапар тээп, эс алуу үчүн эмес, элдин ак батасын алуу үчүн берген. Бирок убакыттын өтүшү менен той берүүнүн максаты өзгөргөндөй. Азыркы мезгилде тойдогу туура эмес оюндарга, орунсуз тамашаларга көбүнчө жаш, жаңы чыгып бул чөйрөгө жаңыдан аралашып жаткан тамадалар жол берет. Бир тойду башкарып жаткан соң ар бир алып баруучу сүйлөй турган сөзүн тандап, ойлонуп сүйлөөсү зарыл. Беш кол тең эмес, көп убакыттан бери бул кесипти аркалап той алып баруунун оош-кыйышын билип калган тамадалар мындай нерсеге эч качан жол бербейт", - дейт акын.

Алып баруучу Назира Айтбекованын айтымында, тойдогу оюндар жаш өзгөчөлүктөргө жараша уюштурулушу керек.

"Улуу муундун, кичүү муундун өкүлдөрү биригип отурган тойдо ыңгайсыз абал жарата турган оюндарды уюштургандарга терс көз караштамын. Анткени муундардын ортосундагы бири-бирине болгон сый, ыйбаа кылуу кайсы жерде болбосун сакталышы керек. Ал эми жалаң гана жаштар, теңтуштар катышкан той же кандайдыр бир маараке болсо анда ар кандай кызыктуу оюндарды уюштурууга болот. Анткени бир муундун өкүлдөрү бири-бирин жакшы түшүнөт", - деген ойдо Айтбекова.

Ал эми "Көчмөн" коомдук фондунун негиздөөчүсү Улан Үсөйүн айрым тамадалардын жаңы үйлөнгөн

жубайларга карата уюштурган оюндарына нааразы.

"Тойлорго барганды көп жактыра бербейм. Бирок мен катышкан тойлордо тамадалардын кайталанма оюндарына көп күбө болом. Алардын ичинен үйлөнүп жаткан жаш жубайларды элдин алдына алып чыгып, бирөөсүнө оңой суроолорду экинчисине татаал суроолорду берип жаңыдан түптөлүп жаткан үй-бүлөнү ким башкарат деген суроо салганын туура эмес деп эсептейм. Анткени тойдо тамадабы же тойго келген конокторбу жаштарга ак бата берип, аларды бөлүп жаргандын ордуна ынтымакка чакырыш керек деп эсептейм", - дейт Улан Үсөйүн.

Кандай болгон күндө да той ээлери ал жакта болуп жаткан нерселерге жооптуу болгон соң, салтанат учурунда кандай сынактар, оюндар уюштурулат тамадалар менен алдын ала сүйлөшүп, кеңешип алганы оң. Ал эми өз кезегинде алып баруучулар да кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына туура келбеген, жаштардын ынтымагын ыдырата турган оюндарды ойнотуудан алыс болушса деген тилек ар бир той ээсинде бар.


кошулду





Тойдо чечинип бийлеген балдар

Тойдо кары-жашы аралашып бийлешти

Тойдогу ак калпакчан атанын бийи

Тойдогу орунсуз оюн

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
18.10.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чынын айтсам тамадалар оюн уюштурганда бираз карап анан чыгарса болмок карап олтуруп уялып кетесин.
Мисалы жаш балдарды чогултуп алып 50 сом берем туура жооп бергенге деп. Кимдин атасы ичет дейт же кимдин атасы сөгүнүп сүйлөйт эмне деп сөгүнөт ушуга окшогон суроону беришет бала деген балада айта берет. Анын ордуна бүгүн ким беш алды мектепте десин. Айта берсең толтура айтып бүтпөйсүн
atai9292 түзөттү 2018-10-18 12:34:39
18.10.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Негизи тамадалар оз билгенин кылышат тойлордо. Туура келеби,жокпу жосунсуз оюндарды уюштурушат. Тамадалардын кызмат акысы козомолдонбойт. Каалаган сумманы айтып чыга беришет. Коптору патентсиз иштешет. Ырчы-чоорчу,тамада,аласчы баары тойлордо ырдап элдин эсебинен укмуш акча табышат. Эмнеге тапкан кирешелеринен салык толошпойт. Базарда соода кылгандар ыссык-суукта иштеп тапса-табышпаса да салык толоп жатышпайбы. Аларга караганда тамада менен ырчы,бийчи оз чонтогуно коп табат.
18.10.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Asyl10,эн туура айтасыз да
18.10.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Патенти бар гана тамадалар тойлордо белгиленген тарифтик план менен кызмат кылуусун козомолдоо керек. Алар мамадният кызматкерлерибиз дешет,бирок маданият министрлиги же маданият башкармалыктары менен иштешишпейт.Маданият тармагы тамадаларды козомолго алып, жосунсуз конкурстарды откоруп кыргыздын кары-жашын уят кылган конкурстарды уюштургандары учун жооп беруулору керек.Азыр тили узунураактын баары тамада. Кээ бири коп соз, кээ бири созго жок эптемей.Мыктылары саналуу. Эптеп эле акча тапмай.
18.10.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Тамадалар сонун эле алып бара жатышат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-18 15:32:12
Медиа-портал
18.10.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
чечинтип анан уят нерселерди кылдырбай эле коюшса той кызыктуу эле отот. алар болбой калса эле кызыксыз отчудой боло беришет
Медиа-портал
18.10.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
EEsennnn,чечин десе чечине берген адамга рахмат.
18.10.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чектен ашкан тамадаларга штраф салыш керек.
18.10.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага бийлетип, арак ичирип жарыштырганга караганда, логикалык, же дагы ушундай сыяктуу суроолорду берип. Келген элди жандантып оюн уюштурган тамадалар жагат
18.10.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тамадалар жакшы эле уюштурушат.
18.10.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ээгиндеги алманы алган оюн жаман корунот экен. чыгып алып аябай кыйналдым
18.10.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир тойго барсак тамада Эрнист Борубаев экен залдагы жаш балдардын баарын чакырып алып апанардан 100 сомдон алып келгиле деди.балдар чуркап келди бердик 100 сомдон,Эми боорсок анан сок алып келгиле деди алып барышты,эми боороскту жеп сокту ичкиле деди балдар тогуп чачып шашып ичишти. боорсокту жединер,сокту ичтинер эми менин канымды ичпей жоголгула деп кубалады.100 сомдон акчанан менде калат апанарга штраф силер ары бери чуркап жургонунор учун деп алып алды. ушул кантип болсун эми.
fanatka19 түзөттү 2018-10-18 17:21:06
18.10.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откондо бир тойго барып калсам тамада оюн кылып бийлетип, бир жашы отуп калган кишини ото эле томолотуп жумалатып бийлетип жиберди. Жаштарга кандай бирок чоон адамды андай кылган адептуулукту сактабагандык, аша чапкандык деп ойлойм.
18.10.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир тамада жаш жубайларды кайын журтунун алдында аябай эле уят кылды го.фонограмма менен элди аралатып ырдатып бийлетип.байкуш жаш келин
18.10.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобоо кылыш керек туугандар чектен чыгып кеттик озу жар жарды мындай эне деген атка статусу бар чоон эжелер айтчыле улгулуу уй-булоолордон. Азыр болсо тобоо кылдым ажырашканы деле ойнош ойноп кеткени деле айтып жатышат. Нээгизи тойду кыскартып эле коюш керек чыгаша ысрапкор болуп эле онолбой жоголуп маскара болуп кетип баратабыз.
18.10.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шерменделик,уят нерсе да ушул эми.чоон эле кемпир чалдар деле өздөрүнүн ордун билбей маймылга окшоп тыйрандап атса.
19.10.2018. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элге жакпаган ынгайсыз оюндар учун мыйзам киргизуу керек деп ойлойм, соз мн жеткируу кыйын кулдуруп койсо элда кошулуп жыргайберишет
19.10.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тамадалар менен ырчыларды көзөмөлдөөчу орган жок болгондуктан, элге жакпаган көп нерселер тойдо орун алып жатат.Баарын мыйзам чегинде жасаш керек.Мурун ырчылар, тамашоучулар филармониядан келеер эле. Азыр ар-ким өз каалаганын жасап жатат.
Медиа-портал
21.10.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Наалатар болсун силерге,той тойдой болушу керек,музыканы казак туугандардан оло талашкан эленер(кара жорго).Эми минтип жаланач кийими жок бийлеп алыпсынар.
Ичип алганбы же чегип алганбы айтор бул жактан караган кишиге жат корунот,ойлонгула кыргыздар
16.12.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интернеттен орустардын оюндарын коруп алышып ошону жасаттырып жатышат кээ бирлери.Начар оюн болсо ойнобой коюш керек,тамадага озун ойной бер деп.Акчага азгырылбай.
Медиа-портал
11.03.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят деген калбай баратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: