super.kg logo
  Саясат  

Икрамжан Илмияновду сырттан камакка алуу чечими чыкты

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши козголуп, ал сырттан камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.

Маалыматка караганда, Илмияновдун баш коргоо чарасы бүгүн, 18-октябрда саат 20:00дө каралды.

"Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети козгоду. Документте маалымат сыр сакталсын деген талап бар экен. Ошого кошумча маалымат берилбейт. Илмиянов кармалса камакка алынат. Анын баш коргоо чарасы сырттан каралып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда чечим чыкты", - деди Жогорку Сотттон.

Бул арада интернетте ага карата чыккан соттун чечими тарады. Айрым маалыматтарга караганда, Илмияновго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда анын кайда экени белгисиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: