Чүйдө эки күн мурун сууга чөгүп кеткен жаран изделүүдө
Чүйдө эки күн мурун сууга чөгүп кеткен 40 жаштагы жаран изделүүдө. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"17-октябрь күнү Жайыл районунун Степное айылындагы "Мелиорация" көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т.И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Жайыл райондук №22-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу барып, бирок табылган эмес. Издөө иштери 19-октябрь күнү улантылат" деп билдирди аталган мекеменин катчылыгы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















