Чүйдө сууга чөгүп кеткен 40 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды
Чүйдө 17-октябрь күнү сууга чөгүп кеткен 40 жаштагы жарандын жансыз денеси 3 күндөн кийин табылган. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"17-октябрь күнү Жайыл районунун Степное айылындагы "Мелиорация" көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т.И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Жайыл райондук №22-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу барып, бирок табылган эмес. Издөө иштеринин натыйжасында 20-октябрь күнү саат 15:45те анын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз катчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















