Борбордогу көчөлөрдүн биринде жол чырак иштебей калып, айдоочулар ортосунда жол талашуу жаралды
Бүгүн, 31-октябрь күнү Бишкектин Элебесов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калды. Анын кесепетинен айдоочулар бири-бирине жол бербей, баш аламандык орун алууда. Бул айдоочуларга гана эмес, жөө адамдарга да ыңгайсыздыкты жаратууда.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу Курулуш-монтаждоо эксплуатация башкармалыгынан аталган аймакта электр чубалгыларын оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдашты.
"Жол чырактар негизи электр зымдарына ток келбей калган учурда иштебей калат. Ал тууралуу биздин башкармалыкка билдирүү түшсө, кызматкерлер барып аны оңдоп кайтышат. Ал эми Элебесов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак саат 17:00гө чейин иштебейт", - деп билдиришти башкармалыктан.
Элебесов-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калды







1 |