Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Иса Өмүркуловдун фракцияны жетектегени мыйзамдуу"
31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты. SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыскача жооп берди.
Анын пикиринде, "Кыргызстан социал-демократтар партиясынан" чыгарылган Иса Өмүркуловдун парламенттеги фракцияны жетектегени мыйзамдуу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.
кошулду
Автор: Жылдыз Джускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.