Cтатистика комитети: "Өлкөдө дары-дармек чыгарган 16 ишкана бар"
Кыргыз мамлекетинде дары-дармек чыгарып иштеген 16 ишкана бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын эсеби боюнча ал ишканаларда жалпы 132 жумушчу эмгектенет. 2016-жылы ишканалардын саны 17 болсо, иштегендердин саны 121 адам болгон. Ал эми 2015-жылы дары-дармек чыгарган 14 ишкана болгон. Анда иштегендердин саны 134 адамга жеткен.
2017-жылдагы иликтөөлөргө ылайык, Кыргыз жеринде сатылып жаткан дары-дармектердин көпчүлүгү ооруну айыктырууда натыйжасыз экени аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















