Аялдамада тамеки тартып, түкүрүнгөн милиция кызматкерине административдик жаза берилет
Буга чейин социалдык тармактарда аялдамада туруп алып тамеки тартып жана түкүрүнүп жаткан милиция кызматкеринин видеосу жарыяланып, кызуу талкууга алынган. Аталган видео Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамада тартылганын видеонун автору билдирген.
Видеодогу милиция кызматкеринин аты-жөнү такталганын жана бул боюнча кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатканын Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
"Аялдамада туруп тамеки тартып, түкүрүнгөн кызматкердин ким экендиги аныкталды. Ага административдик жаза берилип, катуу чара көрүлөт. Бул окуяны этика боюнча атайын комиссия карайт", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Айта кетсек, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кире турган мыйзамдын 71-беренесине ылайык, белгиленбеген жайга таштандыларды таштап, өрттөө жана түкүрүүгө үч категорияда айып салынат. Анда жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.
кошулду
Коомдук жайда тамеки чегип, түкүрүнгөн милиция кызматкери










1 |