super.kg logo

"Троллейбустун зымдары тартылган мамыны сүзгөн таштанды ташуучу унаа бир күндөн кийин гана алынып кетти" дейт Бишкектин тургуну

 

Мындан 2 күн мурун Бишкектеги Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташуучу унаа троллейбустун зымдарын өткөргөн мамыны сүзүп алган. Шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдирип, таштанды ташуучу унаа айып аянтчасына токтотулганын маалымдашкан. Ошол эле күнү күбөлөрдүн бири SUPER.KG`ге аталган унаа айып аянтчасына токтотулбагандыгын айткан.

Жергиликтүү тургундардын бири бүгүн, 17-ноябрда троллейбус чубалгысын өткөргөн мамыны сүзгөн жүк ташуучу унааны эвакуаторлор жылдыра албай 1 күндөн кийин аны сүйрөтүп алып кетишкенин билдирди.

"Жол кырсыгы болгон күнү унааны эвакуатор чыгара албай койгон. Талкаланган жүк ташуучу унааны кечээ күнү кечке жуук гана алып кетишти. Аны чыгаруу үчүн 2 КамАз келген. Бири кран аркылуу талкаланган мамыны жүктөп, экинчиси жүк ташуучу унааны алып кетти", - дейт жергиликтүү тургундардын бири.

Белгилүү болгондой, таштанды ташуучу унаа "Транс Групп" компаниясына тиешелүү болгон. Аталган компания келтирилген чыгымдардын баарын төлөп жана ага административдик айып салынары да айтылган.






Троллейбустун зымын өткөргөн мамыны сүзгөн жүк ташуучу унаа

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: