super.kg logo

УКМК: "Мас абалында адамдарды тапанчасы менен коркуткан адам биздин кызматкер экени аныкталса катуу жазаланат"

 

Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринин алдынан белгисиз адам өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, тапанчасы менен адамдарды коркутканы түшкөн видео бүгүн интернетке тарады. Учурда видеодогу мас абалындагы адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жаткандыгын SUPER.KGˊге УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымдады.

"Учурда бул видеодогу адамдын ата-жөнүн аныктоо иш-аракеттери жүрүүдө. Эгер ал УКМКнын кызматкери экени аныкталса, катуу жазаланат", - деди Сулайманов.

Окуя өткөн дем алыш күндөрү Кулатов көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайдын алдында орун алган. Видеодо 3 эркек киши жана 2 кыз унаанын жанында турат. Ошол учурда кафенин ичинен 2 киши чыгып, алар тарапка басат. Алардын жанынан өтүп, кайра кайрылып келип тапанчасы менен коркутат. Эки тараптын ортосунда уруш чыгып, бул учурда чогулгандар ортого түшүп, аларды эки тарапка алып кетип жатканын көрүүгө болот.


кошулду





Эс алуучу жайлардын биринин жанынан УКМКнын кызматкери тапанча менен коркутту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
19.11.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе деле көрүнбөйт го!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: